以下は曲の歌詞です Cүйөм Сени 、アーティスト - Мирбек Атабеков 翻訳付き
原文と翻訳
Мирбек Атабеков
Биз өткөрдүк күндөрдү
Бирге куруп келечекти
Жашоонун даамын татып
Бирге тилеп берекени
Сүйүү баркын түшүрбөй
Бир үй-бүлөө болдук бүтүндөй
Өйдө-төмөн өмүрдөн
Ачуу-таттуу барын көрдүк
Сүйүм өчпөй көңүлдөн
Сыноолорду баарын жеңдик
Шаңга толуп үйүбүз
Өчпөйт эми биздин сүйүүбүз
Сүйөм сени...
Өзүн болдуң жүрөгүмдүн теңи
Үй-бүлөмдүн сенсиң берекеси
Өмүрдө гана...
Сүйөм сени...
Эң бактылуу адам кылдың мени
Балдарымдын сенсиң энекеси
Өмүрдө гана....
Сыноолорго сынбастан, бардыгына дайын болдум
Турмуш жолун бир баскан
Сен өмүрлүк жарым болдуң
Үй-бүлөмдүн жарыгы
Жүрөгүмдүн сенсиң жарымы
Өмүрлүк жар жылдызым
Бакыт жолдон себеп кылдың
Көбөйсүн деп кыргызым
Мага уул кыз белек кылдың
Кол кармашкан жаш жубайлар
Дайым биздей болсун бактылуу...
様々な言語の楽曲
あらゆる言語への高品質な翻訳
必要なテキストを数秒で見つけます