以下は曲の歌詞です Паракор 、アーティスト - Sultan Ilyaz, Aga-ini 翻訳付き
原文と翻訳
Sultan Ilyaz, Aga-ini
Биздин жолдор таштак, баткак, аңгыл-дөңгүл
Биздин чоңдор алдап, урдап, алып көнгөн
Миллиондор кыйналса да элинде
Эмнегедир милдеттерин аткарышпайт жок дегенде
Алар элиталык аткаминер бийликтегилер
Казынага башы менен кирип алып жегендер
Алар коркпойт мыйзамдан
Жадакалса Кудайдан
Керек болсо караганышат колду коюп Куранга
Шайлоо учурунда убаданы тынбай бергендер
Андан кийин элге такыр пайдасы тийбегендер
Силердин эле айыңардан кыйналды го журтуңар
Өз журтуңарды урдуңар го тумкумдары куркурлар!
Түшүнүксүз, не жетпейт?
А?
Силерде баары бар
Ичи тар, жеп-жутар, ажыдаарлар!
Бирок биздеги үмүт
Өчпөй жанып күйөт,
А карапайымдардын бары эптеп өмүр сүрөт!
様々な言語の楽曲
あらゆる言語への高品質な翻訳
必要なテキストを数秒で見つけます